Италияда акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясын жуктуруп алган бейтаптардын рекорддук көрсөткүчү айыгып чыкты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Италиянын Жарандык коргонуу башкармалыгынын маалыматы боюнча, өлкөгө карантин киргизилгенден бери бир күндө биринчи жолу айыгып кеткен адамдардын саны 2 миң 563 кишиге көбөйгөн. Ал эми инфекцияны жуктуруп алгандар 355 адамды түзгөн. Ошондой эле өлкөдө сутка ичинде 65 миң 705 адамдын анализи текшерилген. Бул дагы пандемия башталгандан бери рекорддук текшерүү болуп саналат.
Акыркы маалыматтар боюнча, Италияда 172 миң 434 адам коронавирус жуктурган. 22 миң 745 адам каза болсо, 42 миң 727 адам айыгып чыкты.