Нуруйпа Муканова Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп дайындалды

Нуруйпа Муканова Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Эске салсак, буга чейин мамлекет башчысынын жарлыгы менен президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлгөн.

Белгилей кетсек, президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешин түзүүнүн негизги максаты - коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү. Ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу. Мындан тышкары бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо, колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан