Өлкөдө 2020-жылдын март айынан бери COVID-19 илдети менен ооруган 1650 бала катталды. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гульзат Маймерова брифинг берип жатып билдирди.
"Балдар чоңдор сыяктуу эле коронавирус инфекциясын жуктурушат, бирок статистика боюнча алардын арасында оору аз. Алар COVID-19ду жеңил өткөрүшөт, алардын арасында симптомсуз жана оорунун жашыруун формаларын алып жүрүүчүлөр бар. Мындай балдар ачык симптомдору менен ооруган чоңдорго караганда инфекцияны алып жүрүүчү болуп калышат", - деди Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гульзат Маймерова.
Ал белгилегендей, 2020-жылдын жаз айларында өлкөлөрдө бардык структурадан 0,8-2 пайыз ооруган балдар катталса, азыркы учурда ооругандардын 11-14 пайызын жаш балдар түзөт.
Ооруп жаткан жаш балдардын жалпы санынан стационарда болгондордун саны төмөнкүдөй:
Бишкек шаары – 573;
Чүй облусу – 267;
Ош облусу – 262;
Ысык-Көл облусу – 135;
Жалал-Абад облусу – 114;
Ош шаары – 109;
Нарын облусу – 98;
Баткен облусу – 73;
Талас облусу – 19.
Бейтаптардын жаш курагы боюнча бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:
1 жашка чейин – 263 (16 пайыз);
1 жаштан 4 жашка чейин – 512 (31 пайыз);
5 жаштан 15 жашка чейин – 685 (41,5 пайыз);
16 жаштан 18 жашка чейин – 190 (11,5 пайыз).
Жалпы лабораториялык тастыкталган COVID-19 учурлары - 866 (52,4 пайыз), 784 (47,6 пайыз) учурларда диагноз инфекциянын клиникалык көрүнүштөрүнүн негизинде коюлган.