Иран мамлекетинде коронавирус жуктуруп алган аткаминер Мохаммад Мирмохаммади каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жергиликтүү маалымат булактарына шилтеме берүү менен жазышууда.
Каза болгон аткаминер 72 жашта болгон. Ал 2-март күнү эртең менен Тегеран шаарындагы ооруканалардын биринде көз жумган.
Буга чейин Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ираж Харирчи коронавирусту жуктуруп алган. Ал эми вирустун кесепетинен Ирандын Ватикандагы мурунку элчиси Хади Хосрошахи каза болгондугу маалымдалган.