Дагестанда эки кыз тоо боорунда селкинчек тээп жатып кулап кетишти. Кырсык видеого түшүп калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кыздар селкинчек тээп жатышканда кандайдыр себеп менен үзүлүп кетип, алар кулап түшкөн.
Кыздар оор жаракаттарды алышкан. Ал эми өлкөнүн укук коргоо органдары аттракционду иштетүүгө болбой турганын, ага оңдоо-түзөө киргизилиши керек экенин айтышкан.