Нарында туристтерге салынган даараткана уурдалдыбы?

КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Нарында жеке ишкер тарабынан салынган ажаткана уурдалганын жазды.

Ушул үчүн оңолбойбуз. Кеп бийликте эмес, ошондой бийликти тандаган бизде. Биз биринчи айбанбыз, бизден кийин анан бийлик.

Бизде Сергей Глуховеров деген жаш жигит бар. Ал туристтик компанияны жетектеп, Кыргыз өлкөсүнө туристтерди алып келип иштейт. Андан өткөн мекенди сүйгөн патриот жигитти табуу кыйын.

Эми карагыла ушу сүрөттү. Нарында, Кытай менен чектеш жерде Көл-Суу деген керемет жер бар. Ошол жерге туристтер жер жүзүнөн келип, көрөбүз деп барышат. 2019-жылы ошол жакка бараткан жолдо бир дагы даараткана жок экен деп, ушундай сонун даараткана куруп койсо, 2021-жылы карагыла эмне болгонун (2020 пандемия деп туризм болгон жок). Эмне болмок эле, үйгө керек-жаракка дагы бир "кыкең" көтөрүп кетти да", - деп жазып калтырды Илим Карыпбеков.

Өз кезегинде, Илим Карыпбеков даараткананы уурдап кеткен адамды даараткананы ордуна алып келип коюп коюга чакырган.

Учурда бул окуя интернет колдонуучулар тарабынан кызуу талкууга алынууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bolotbek9191
2021-07-14 20:10:04
Ушинтип журсок Кыргызстан онукмок беле
+3
Bikosh2015
2021-07-14 22:20:54
Эн туура. Бироо уурдады да тоок кепе салды да.
0
Dembele84
2021-07-14 22:43:09
Кыкендер мындай ишти коп кылат али,меники болсун, туристтер менен ишим канча дегендер толтура
0
algakaray
2021-07-14 23:10:34
Ушуну алганча олуп эле калбаптыр да.
+1
TIMON_BERKOWITZ
2021-07-15 11:01:21
Акыретке барганда туалет менен кошо тозокко ыргыйт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан