Казакстанда коронавирус менен жабыркагандардын саны 6га жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Диас Ахметшарип билдиргенин казак басылмалары жазып чыгышты.
"Бүгүн, 14-мартка карата дагы 2 жаран коронавирус менен жабыркап жатканы маалым болду. Алардын бири 1958-жылы туулган эркек киши 10-мартта Москвадан Алматыга келген. Ал жеке ишкер.
Ал эми экинчи жаран Польшадан Нур-Султан шаарына учуп келген. Коронавирус жуктуруп алган жаран аял экени белгилүү. Учурда вирус менен жабыркап жаткандардын аты-жөнүн, жарандыгын тактоо иштери жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.