Бир сутка ичинде өлкө боюнча Ош облусунда 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Өткөн суткада 4 медициналык кызматкер илдеттен айыгып, бейтапканалардан чыгарылды. Ал эми үй карантининен 17 медкызматкер айыгып чыкты.
Республика боюнча COVID-19 диагнозу жалпы 3 миң 158 медкызматкерге коюлса, бүгүнкү күндө алардын ичинен 2 миң 600ү айыкты.