Ысык-Көл облусундагы Бостери айылында жоголгон 3 жашар кызды милиция кызматкерлери таап, ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 15-июль күнү Бостери айылында жайгашкан «Золотые пески» пансионатында эс алып жүргөн үй-бүлө 3 жашар кызы кайсы тарапка кетип калганын байкабай калышкан. Өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшүп, андан майнап чыккан эмес.
"Айласы кеткен ата-энелер, пансионатта коомдук тартипти көзөмөлдөп жатышкан милиция кызматкерлерине кайрылышкан. Үч саатка жакын издөөдөн кийин 3 жашар кызды ИИМдин Шумкар атайын багыттагы полкунун жоокерлери жоголгон пансионаттан 500 метр алыстыктан табышып, ата-энесине өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.