Милициянын кайгуул кызматы акыркы 6 айда бюджетке 48 миллион сом айып өндүрдү

Бишкек ШИИББинин милициянын кайгуул кызматы акыркы 6 айды жыйынтыктап, ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан 6 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 152 786 бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулуп, өткөн жылдын 6 айына салыштырмалуу 75 240 протоколго көп түзүлгөн.

Бул түзүлгөн протоколдор үчүн жалпысынан 214 миллион 440 миң 500 сом айып пул салынып, бүгүнкү күндө 48 миллион 755 миң 352 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Ошондой эле 6 ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан 102 линиясы боюнча 38 миң 424 чакыруу түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан