Казакстанда соңку суткада 5 миң 648 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, акыркы суткада коронавирус илдети 48 бейтаптын өмүрүн алды.
Илдет эң көп аныкталгандар Нур-Султан шаарында (1549) катталды.
Коңшу Казакстанда пандемия башталгандан бери 477 миң 754 жаран коронавирус илдетине кабылган.