Футболчу Ильзат Ахметов жана "Азия Микс" КВН командасынын капитаны Элдияр Кененсаров Кыргыз өлкөсүнө 1 миллион сомдук гуманитардык жардам көрсөтүштү

Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн, учурда Орусия улуттук курамасынын жана москвалык ЦСКА клубунун жарым коргоочусу Ильзат Ахметов менен "Азия Микс" КВН командасынын капитаны Элдияр Кененсаров Кыргыз өлкөсүнө 1 миллион сомдук гуманитардык жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу "Kyrgyz Football" деп аталган социалдык баракча жазып чыкты.

"Өлкөдө өз мекенинин жана элинин тагдырына кам көргөн адамдар бар" деп жазылган баракчада.

Ильзат Ахметов жана Элдияр Кененсаров Кыргыз өлкөсүнө:

9 миң даана медициналык бет кап;

229 даана көз айнек;

700 даана медициналык костюмдар;

25 даана респиратордук бет кап жана башка медицинага керектүү буюмдарды алып беришкен. Бул гуманитардык жардамдын бардыгы Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилгендиги маалыматта жазылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aida007
2020-04-03 13:25:50
Аллахым ыраазы болсун аминь
+8
keba300989
2020-04-03 13:31:43
Илзат ахмедовду жаман коргондор кечирим сурагыла эми.
+10
NURSAPAR
2020-04-03 13:37:50
Алла ыраазы болсун. Шайлоо болгондо азыр үй үйгө акча таратып,ун май таратышмак анча мынча депутаттар. Азыр кайдасыңааар
+10
akmanai
2020-04-03 13:50:56
Короновирус элди бир тараптан тарбиялап, кимдин ким экенин корсотуп, коздорун ачты окшойт. Ильзат менен мед кызматкерлерин тепкиге алып эле жатып калышчу. Ушул адамдар кээ бир жада калса уйдо отурганы менен оорууну азайтып мамлекетке жардам бере албагандарга караганда бир топ жакшы иштерди жасашып жатат
+8
Adil18
2020-04-03 14:51:25
Рахмат экоонорго!
Колунда бар туруп бербегендерге караганда,экоонордун мекенге болгон сыйынар жогору экен.
Элим бар болсун,элимден айланса болот,тойлор коп болсун деген ырчылар корунбойт го.
Кунуно коп акча табамын дегендер бугунку кундо корунушпойт го.
+5
Sakura715
2020-04-03 17:47:50
Баягы жамандагандар кайда журот !?
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан