Бишкек шаарындагы Фучик көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен 70 жаштагы улгайган аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Куткаруучулар Ю.Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батирлердин биринин бекилип калган эшигин ачышканда ичинен 1951-жылы туулган С.С. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ӨКМдан.
Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 3 куткаруучу тартылган.