УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзү туулуп-өскөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылына Чубак Жалилов атындагы мечит курду.
"Аалым Чубак Жалилов эч качан акыйкаттуулуктан кайтпаган, агартууга салымын кошкон адам эле. Бизге аны жоготуу өтө кыйын болду. Чубак ажынын илимине элибиз тойбой калды. Бирок мен өткөн жылы айттым эле Чубак ажынын экинчи өмүрү уланат деп, мына экинчи өмүрү уланып барат. Мына анын жолун жолдогон жаш аалымдарыбыз чыгып келе жатат", - деген УКМКнын төрагасы.
УКМКнын башчысынын айтымында, ал туугандары менен биргеликте аталган мечитти эки жылдан бери куруп келишкен.
"Азыр журналисттер бизди видеого тартып жатышат. Эртең "Ташиев акчаны кайдан алып, курган деп" айтып башташат. Мен Кудайдын алдында күбөлүк берем, өмүр бою адал эмгек менен акча таап келем. Кудай берген бардык байлыкты бөлүшүүгө милдеттүүмүн",- деп айткан Ташиев.
Чубак Жалилов 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында туулган. 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин аяктаган. Андан кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде үч жыл бою араб тилинен сабак берген. 2000-2006-жылдары теолог Сауд Арабиясында, "Умм ал-Кур" эл аралык университетинде окуган. Ал эми 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жетектеген. Ал Кыргыз өлкөсүндөгү эң таасирдүү диний ишмерлердин бири деп эсептелген.
Белгилүү дин аалымы, мурдагы муфтий Чубак Жалилов 2020-жылдын июль айында пневмониядан 45 жашында каза болгон.