Лейлекте сел ташкыны өспүрүмдү агызып, ал каза болду (видео)

Баткен облусунун Лейлек районунда сел жүрүп, өспүрүм каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 19-июлда саат 17:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Козу-Баглан, Катраң, Лейлек, Тогуз-Булак, Айкөл айылдарында жана Исфана шаарынын Голбо, Чымген айылдарында сел жүрдү. Сел ташкынынын кесепетинен турак үйлөрдүн короолорун, ички чарбалык унаа жолдордорду, арыктарды жана көпүрөлөрдү суу каптаган. Мындан сырткары Ак-Терек айылында 25 турак үйдүн ичине сел суулары кирип, 20 турак үйдүн, 1 мектеп, 1 бала бакча жана 1 мечиттин короосун сел суулары каптаган.
"2005-жылы туулган А. уулу А. аттуу баланы сел агызып кеткен, көп өтпөй жергиликтүү тургундар тарабынан анын жансыз денеси табылды.
Жеринде Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан жана Баткен облустук башкармалыгынын ыкчам топтору иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.

Видеонун автору Лейлек айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nostalgia
2021-07-19 23:33:46
Не деген заман болуп атат? Кудай сактасын!!! Балдарыбыздын келечегин ойлоп тынчсызданасын.
+5
Kurbanalieva1991
2021-07-20 00:01:25
Кудай сактасын! Кечээ дагы сел кетти эле коңшу айылдан. Эки үч жылдан бери Лейлекте сел жаман болуп жатат...
+1
Spb
2021-07-20 00:15:53
Ал каза болгону неси адам десе болмок
0
Kombi
2021-07-20 05:00:29
Spb, Сыйыр кетти дегени, уй пири сыйыр деп коет.
0
Asyl.jazi
2021-07-20 09:21:45
Spb,сыйыр дегени адабий тилде уй дегени эле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан