Орусиялык ырчы Стас Михайлов коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу ырчы социалдык баракчасына жазып чыккан.
"Мындай абалга туш болом деп эч ойлогон эмесмин. Тилекке каршы, бул чындык. Менде коронавирус болгонун тест тастыктады", - деп жазган ырчы.
Михайлов ооруканадан чыгарылып, үй карантининде болорун айткан. "Ооруканадан чыгарышты, бирок ооруган адам дагы 10 күндөй толук айыкпайт деп ойлойм", - деген ырчы. Ошондой эле ал Керектөөчүнүн укугун жана адамдын саламаттыгын коргоону көзөмөлдөө боюнча федералдык кызмат (Роспотребнадзор) тарабынан толук айыгып чыкты деген жоопту күтүп жатканын билдирген.
Маалыматка ылайык, буга чейин 50 жаштагы ырчыны 4 жолу коронавируска текшерип, баарынан жыйынтык терс болуп жаткан. Бирок ырчынын дене табы 3 күн бою 37–37,2 градуска көтөрүлүп, даам сезбей калган. Бешинчи ирет тапшырганы коронавирус бар экендигин аныктады деп жазышууда басылмалар.