Өлкөдө 28-март саат 14:00гө карата коронавирус менен жабыркагандар катталган жок (видео, хронология)

Бүгүн, 28-март күнү Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча жыйын берди.

2020-03-28 14:24:00

Медициналык кызматкерлеринин транспорту деле чечилип жатат. Мисалы, Улуттук госпиталь 9 микроавтобус жалдашты, 24 саат бою тынымсыз иштеп жатышат.

2020-03-28 14:17:00

Медициналык кызматкерлерине керектүү коргоочу костюмдар жетиштүү, күндө ар кайсы булактан келип жатат. Биринчи ирет Бишкек шаарына, Жалал-Абад, Ош облусуна берип жатабыз.

2020-03-28 14:12:00

"Ала-Бука районунда 82 жаштагы чет өлкөдөн келген аял биздин коронавирус боюнча алгоритмге ылайык, 17-мартта обсервацияга жаткырылган. Жашына байланыштуу, мурунку оорулары да бар экен. Анализдери Ошко жөнөтүлүп, 20-мартта коронавирус жок экендиги аныкталган. Тилекке каршы, 23-мартта эски оорулары козголуп, абалы оорлошуп кеткен. Жалал-Абад, Бишкектен дарыгерлер барып, консилиум кылышкан. Бирок ал аял ошол күнү түнү кайтыш болгон. Диагнозунда пневмония, кардиосклероз, кан басымы жогору абалда болгон", - дейт Мамбетов.

2020-03-28 14:07:00

Кыргыз өлкөсүндө жаңы ооругандар катталган жок. Ооругандардын жалпы саны 58 бойдон. Учурда жалпылап алганда 2 адам жандандыруу абалында жатат. Абалдары оор, туруктуу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KANAT85
2020-03-28 14:52:39
Инфочулар индикаторунар кобойсун эле деп туратко! Кыймылдап жылып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан