Коронавирус инфекциясы расмий түрдө каттала элек Түркмөнстанда пневмония менен ооругандар көбөйүүдө. Өлкөнүн Түркменабад шаарындагы ооруканада учурда пневмония менен ооруган 34 бейтап дарыланып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мындан улам Түркмөнстандын айрым мамлекеттик мекемелери Саламаттыкты сактоо министрлигинен 16-июндан баштап жумуш ордундагы бардык кызматкерлер бет кап кийиш керек деген кат алышкан. Ошол эле учурда Ашхабад шаарындагы тогузунчу клиникадагы бир нече дарыгерлер жана бейтаптар коронавирус инфекциясына шектелип жатышат.
Түркмөнстан расмий түрдө өлкөдө COVID-19 оорусу жок экендигин жарыялаган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү Түркмөнстанда коронавирус инфекциясы бар же жок экенин изилдөө үчүн Ашхабадга бара элек.