Өзбекстандын курама командасында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде желекти көтөрүүчүлөрдүн алмашуусу боюнча жаңжал чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземдеги парадда Өзбекстандын желегин көркөм гимнастика боюнча Оксана Чусовитина жана мушкер Бобо-Усмон Батуров көтөрүп чыкмак. Бирок парадда желекти мушкер Баходир Жалолов менен таэквондочу Нигора Турсункулова көтөрүп чыккан. Буга Оксана Чусовитина нааразычылыгын билдирген.
"Мага эмне үчүн парадда желек көтөргөндөр алмаштырылганын түшүндүрүшкөн жок. Жөн гана менин парадга барбай тургандыгымды айтышты. Ушинтип мотивациямды жок кылышты. Мындай болбойт да. Биз бардыгыбыз адамбыз, түшүндүрүп айтышса түшүнөбүз", - деген Чусовитина.
Чусовитинанын басма сөз катчысы Юрий Белолипецкийдин айтымында, гимнастты алмаштыруунун себептери азырынча белгисиз.
"Бул абдан жагымсыз кырдаал. Эмнеге мындай болгонун түшүнө албай жатам. Бул кырдаал мени нес кылды. Муну биз кордук көрсөтүү деп баалайбыз", - деген Белолипецкий.
Ал эми Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитети бул боюнча түшүндүрмө берген. Комитет Оксана Чусовитина менен Бобо-Усмон Батуров парадда чарчап калбашы үчүн ушундай чечим кабыл алгандыгын билдирген.
"Гимнастика жана бокс боюнча мелдештер 24-июлда башталат. Оксана Чусовитина 25-июлда күчүн сынайт. Ошондуктан биздин спортчуларга оор болбошу үчүн парадда туу көтөрүүчү спортчулар алмашылган. Акыркы чечим 21-июлда кабыл алынган. Ачылыш аземине катышуу көп убакытты алат. Анда бутка көпкө туруп, жатаканага кеч кайтып келүүнү эске алуу керек. Парадда туу көтөргөн Нигора Турсункулова 26-июлда, ал эми Баходир Жалолов 29-июлда мелдешке катышат", - деп билдиришкен Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитетинен.
46 жаштагы Оксана Чусовитина карьерасындагы сегизинчи жана акыркы Олимпиадасына катышууда. Мындай көрүнүш көркөм гимнастиканын тарыхында болгон эмес. Ал СССРдин, Германиянын жана Өзбекстандын курама командаларында мелдештерге катышып, Олимпиада оюндарында, Европа, Азия жана Дүйнө чемпиондуктарында алтын утуп алган.