Өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата логотип тандалды

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына логотипти тандап алуу боюнча жарыяланган сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Тандалган логотиптин авторлору Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Жаныш Жамурзаев, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Шакир Арыков жана Жеңиш Жанузаков.

Сынак Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине карата логотип жасоо максатында өткөрүлүп, кесипкөй чыгармачыл топтордун коомдук иштерге активдүүлүгүн арттырууга багытталган. Жобого ылайык, долбоордун катышуучулары жалгыз автор же автордук коллектив болушу мүмкүн экендиги белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан