Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында "Алтын" кыргыз зергерчилик заводу" ишканасынын базасында түзүлгөн "Кыргызалтын Ювелирпром" жаңы ишканасына барды.
Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Садыр Жапаров технологиялык процесс менен таанышып, өндүрүш жайларын, ошондой эле чынжыр токуу, механикалык куюучу жабдуулар менен зер буюмдардын моделдерин прототиптештирүү боюнча роботтоштурулган принтерди көрүп чыкты.
Президентке жаңы ишкана ата мекендик зергерчилик өндүрүштү калыбына келтирүүгө, өндүрүш базасын модернизациялоого, иштеп жаткан зергерчилик заводдорду жана сатуу түйүндөрүн реконструкциялоого, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталгандыгын маалымдашты.
Мындан тышкары аталган долбоор өлкө ичинде дагы, чет өлкөлөргө дагы ата мекендик өндүрүштүн зер буюмдарын сатуу боюнча дүң жана чекене тармакты жаңылоого багытталган.
Учурда казып алынган баалуу металлдарды өзүбүздөн иштетүү секторун өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жигердүү каралып жаткандыгы белгиленди.
"Президент Садыр Жапаров өлкөнүн алтын казуу өнөр жайынын көлөмүн көбөйтүүнүн жана мындай ишмердүүлүктөн максималдуу киреше алуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ал ата мекендик зер буюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгына көңүл бурду.
Мамлекет башчысы жаңы ишкананын жетекчилигинин алдына 2022-жылдын 1-январынан тарта, азыркыдай казып алынган чийки затты экспортко кошумча нарксыз тазаланган куйма түрүндө чыгаруунун ордуна, Кыргыз өлкөсүндө иштетилген алтындын көлөмүн көбөйтүү милдетин койду.
Президент Садыр Жапаров баалуу металлдар өлкө ичинде иштетиле тургандыгы, андан жаңы жумушчу орундары түзүлүп, бюджетке салыктын түшүүсү көбөйөрү маанилүү артыкчылык экенин, бул мамлекеттин экономикалык саясатындагы приоритеттүү милдеттердин бири болуп саналарын баса белгиледи", - дешти мекемеден.
Биргелешкен ишкана "Кыргызалтын" ачык акционердик коому жана "Алтын" кыргыз зергерчилик заводу" жоопкерчилиги чектелген коомунун катышуусунда түзүлгөн.