Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында АКШ Япония менен Кытайдан ашып өтүп, медалдардын саны боюнча алдыга чыкты.
Бүгүн, 27-июль Бишкек убактысы боюнча саат 10:30га карата АКШ 8 алтын, 3 күмүш жана 8 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга Япония 8 алтын, 2 күмүш, 3 коло медалы менен экинчи орунга жайгашса, Кытай 7 алтын, 5 күмүш жана 7 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.
Ал эми коңшу Казакстан "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарындагы үчүнчү коло байгесине ээ болду. Коңшу өлкөгө үчүнчү коло байгени оор атлетчи Зульфия Чиншанло алып келген.