Бүгүн, 23-августта Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи өтүүдө.
Сыйлоо аземинде Олимпиадага катышкан спортчулар балбандар Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков, оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбековго 1 миллион сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.
Ошондой эле Олимпиадага барган дарыгер менен укалоочуга (массажист) 1 милион 500 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.