2020-жылдын март айынан баштап балдар арасында COVID-19 менен ооруп, республиканын стационарларында дарыланып чыккандардын саны 2 миң 94 болду. Бул тууралуу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун башкы дарыгери Айна Жетыбаева билдиргенин республикалык штабдан кабарлашты.
Статистика боюнча, жалпы катталгандардын ичинен стационарда дарылоодон өткөндөр:
Бишкек шаары - 807;
Ош шаары - 124;
Чүй облусу – 351;
Ош облусу – 342;
Талас облусу - 20;
Нарын облусу - 98;
Ысык-Көл облусу – 145;
Жалал-Абад облусу – 134;
Баткен облусу – 73.
Ооругандардын жаш-курагы боюнча:
1 жашка чейин – 311 (14,8%);
1 жаштан 4 жашка чейин – 624 (29,8%);
5 жаштан 15 жашка чейин – 759 (36,2%);
16-18 жаштагылар – 400 (19,2%).
Жалпысынан COVID-19 менен 1 миң 82 бала, ал эми 1 миң 12 бала пневмония менен жабыркады.
Каза болгондордон 6 учур катталган.