Жол кырсыгына кабылган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош облустук ооруканасына которулат. Бул тууралуу ырчы Instagram баракчасына жазып чыкты.
"Урматтуу замандаштарым, ага-эжелерим, достор, чет өлкөдөгү мекендештер, 7 аймактан жазып колдогон бир туугандар, туугандар, кесиптештер, күйөрмандарым! Каалоо -тилектерге, ак бата, дубаларыңызга чоң рахмат. Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей, бир аз кырсыктап калдык. Достор менен Жалал-Абаддан сый конок болуп жолго чыктык эле. Таң сүрүлүп баарыбыз уктап кетиптирбиз.
Ош-Бишкек жолунда такси айдаган агалар, мырзалар, жардам берген жалпы жүргүнчүлөр, баарыңыздарга рахмат. Дайыма жолуңуздар шыдыр болсун. Токтогул шаардык ооруканасындагы өмүр сакчылары, иштеген жалпы ак халатчандар таазим сиздерге. Алтын колдоруңуздарга береке. Токтогул райондук ички иштер кызматкерлерине да чоң рахмат. Биз жакшыбыз. Баарыңыздарды сыйлайм, жакшы көрөм. Ош шаарына азыр которулабыз", - деп жазды Каримова.
Самара Каримова жолдошу Асан Мансуров, Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана дагы 2 жүргүнчү менен Оштон Бишкек шаарына келе жатышканда жол кырсыгына кабылышкан. Буга чейин Самара Каримованын жол кырсыгына кабылганы маалымдалып, муну жолдошу Асан Мансуров тастыктап, абалдары жакшы экенин билдирген.