Садыр Жапаров кайрадан элге кайрылып вакцина алууга чакырды. Президент кайрылуусун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Президент кайрылуусунда жарандар вакцинадан өтпөй өздөрүнө жана жакындарына гана эмес, мамлекетке дагы зыян келтирип жатканын жазган.
"Урматтуу мекендештер!
COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшүңүздөрдү дагы бир жолу суранабыз.
Акыркы күндөрү ооруканага түшкөн жарандарыбыздын дээрлик 100 пайызы вакцина албагандар болуп жатат.
Бюджетибиз ансыз да эңшерилип турганда ого бетер оорчулук келүүдө. Жалпысынан 20 миллион долларга жакын каражатка вакцина алып келип жатабыз. Андан тышкары, бир оорулууну 14 күн дарылоо үчүн миң долларга чейин каражат сарпталууда.
Эмдөөдөн өтпөй коюу менен өзүңөргө, жакындарыңарга, кошунаңарга жана мамлекетке чоң зыян келтирип жатасыздар. Ошондуктан, урматтуу мекендештер, көптөн-көп сураныч вакцина алыңыздар!", - деп жазган Садыр Жапаров.