Бүгүн Жогорку Кеңеш гимн ырдоо менен кезексиз сессияны жыйынтыктады

Бүгүн Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары кезексиз сессияны өлкөнүн гимнин аткаруу менен аяктады.

Депутаттар жайкы каникулга чыгышты.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин регламентине ылайык кезектеги сессия июнь айынын аягында аяктаган. Бирок президенттик администрациянын суранычы боюнча, депутаттар кезексиз сессияга чогулуп, бир катар мыйзам долбоорлорун, анын ичинде Конституциялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алышты.

Депутаттар бир катар мыйзамдарды, шайлоо мыйзамдарын, министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамды жана фейктер жөнүндө чуулгандуу мыйзамды карап, кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан