Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония оорусу 958 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Бишкек шаары - 574;
Ош шаары - 6;
Чүй облусу – 128;
Ош облусу – 26;
Талас облусу - 13;
Нарын облусу - 24;
Ысык-Көл облусу – 52;
Жалал-Абад облусу – 78;
Баткен облусу - 57.
Муну менен өлкөдө коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 161 миң 973кө жетти.