Ошко Москвадан 326 жаран кайтып келди

27-июнда Кыргыз өлкөсүнө "Аэрофлот – Орусия авиакаттамдары" авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча учагы учуп келди. Маалыматты республикалык штабдан билдиришти. Ага ылайык, бул каттам менен өлкөгө Орусиядан 326 Кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде 2 жашка чейинки 41 бала бар.

"Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргыздын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлдү.

Тизмеге төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуу аялдар жана 2 жашка чейинки балдары барлар, ден соолугуна байланыштуу ыкчам түрдө мекенине кайтышы керек болгон жарандар кирди. Бардык келген жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын өлкөгө кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда", -
деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Assalomuallekum
2020-06-28 08:16:25
Ошолорду 15 аэропорт кармасанар боло айылдарга келип Туган Урук менен корушуп кучотпой
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан