Covid-19 илдетин жуктургандардын көбөйүшүнө байланыштуу Улуу Британиянын өкмөтү киргизип жаткан жаңы чектөөлөр 6 айга чейин сакталышы мүмкүн. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсондун билдиргенине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
“Бул бизнестин чоң бөлүгүнө таасирин тийгизет деп өкүнөм, бирок биз тиешелүү иш-аракеттерди кылышыбыз керек.
Мен илдетке каршы күрөшүүнү уланарыбызды айтууга милдеттүүмүн”, - деди өкмөт башчы.
Белгилей кетсек, акыркы аптада Британияда Covid-19 оорусу менен ооругандардын саны кескин көбөйдү. Дүйшөмбү күнү өкмөттүн илимий жана медициналык кеңешчилери эгер оору азыркыдай деңгээлде жайылып кетсе, октябрь айына чейин өлкөдө күнүнө 50 миңге чейин адам оорушу мүмкүн экенин эскертишүүдө.