Бир сутка аралыгында республика боюнча 11 медицина кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, Бишкекте 4, Чүйдө 2, Ош облусунда 2, Ысык-Көлдө 1, Талас облусунда 1 жана Нарын облусунда 1 дарыгер ооруну илештирип алды.
Ал эми стационарда жаткан 11 бейтап айыгып чыкса, үй карантининен 19 ак халатчан чыкты.
Муну менен медицина тармагынын жалпы 6 миң 502 кызматкеринен илдет аныкталса, анын 5 миң 894ү айыкты.