Жогорку Соттун аппаратынын кызматкерлеринен жана сотторунан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматынан ырасташты.
Маалыматка ылайык, бир соттун жана 8 кызматкердин коронавируска тапшырган анализинен вирустун бар экени аныкталган.
"Учурда соттук териштирүүлөр белгиленип, иштер штаттык режимде каралып жатат. Мыйзам боюнча соттук иштин катышуучусу болгон кайсы бир тарап келе албай жатса, отурум кечирээк мөөнөткө жылдырылат. Мындан мурда соттук териштирүүгө катыштыгы жок жарандардын келбешин суранганбыз. Ал эми сотко келүүгө мажбур болгондор бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарышы керек", - деп айтылат маалыматта.