"Үмүтүбүздү актап, кубаныч тартууладыңыз". Садыр Жапаров Мээрим Жуманазарованы коло медалга ээ болушу менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта телефон аркылуу улуттук олимпиадалык курама команданын мүчөсү, эркин күрөш боюнча балбан Мээрим Жуманазарованы Токиодо (Япония) өткөн Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болушу менен куттуктады.

Мамлекет башчысы кыргыз элинин жана өзүнүн атынан спортчуга жогорку жетишкендиги үчүн терең ыраазычылык билдирди.

"Өлкөбүздүн намысы үчүн акырына чейин күрөшөрүңүзгө баарыбыз ишенгенбиз. Кылдат чеберчилик, бекем эрк жана кайраттуу мүнөз менен күчтүү атаандашыңызды жеңип алдыңыз. Бүт өлкө сизди сүрөп, сиз үчүн кабатырланып жатты. Соңунда биздин үмүтүбүздү актап, жалпы кыргызстандыктарга кубаныч тартууладыңыз", - деп белгиледи ал.

Мамлекет башчысы таланттуу спортчу кыздардын Кыргыз жергесинде аялдар күрөшүн жандандырганын, ага кошумча мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, улуттук спорттун тарыхында жаңы барак ачып, өлкөнү дүйнөлүк деңгээлде даңазалаганын баса белгиледи.

Садыр Жапаров Мээрим Жуманазаровага жана улуттук олимпиадалык команданын бардык мүчөлөрүнө чың ден соолук, ийгиликтер менен жаңы-жаңы жеңиштерди каалады.

Мээрим Жуманазарова монголиялык атаандашы Батцэцэг Соронзонболдынды 10:1 эсеби менен жеңип, коло медалды камсыздады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан