Жалал-Абад маданият техникумунун директору, ырчы Эмил Балтагулов Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медаль тагынган Мээрим Жуманазаровага арнап ыр жазууда. Бул туурасында ал өзү билдирди.
Айтымында, обондуу ыр эртең даяр болот.
"Биз дагы оюндардын жүрүшүнө көз салып, спортчуларыбызга күйөрмандык кылдык. Мээрим Жуманазарованын беттешин көрүп жатканда башкача толкундоолор болду. Күрөштүн акыркы секундаларын берилүү менен көрдүм. Жеңишке жеткенден кийин аябай кубанып, кызыбызга арнап ыр жазгым келди. Элдин кубанычы камтылган ырдын сөзүн жазып, кечинде аранжировкасын баштап койгом. Жумуштан кийин аягына чыгарайын деп турам. Жакшылап иштесем эртеңкиге даяр болуп калат", - дейт ал.
Кечээ, 3-август күнү балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова өлкөбүз үчүн экинчи медалды алып келип, жалпы кыргыз элине кубаныч тартуулады. Ал коло медаль үчүн болгон беттеште монголиялык Батцэцэг Соронзонболдынга мүмкүнчүлүк бербей 10:1 эсеп артыкчылыгында жеңип коло медалды камсыздаган.