Акжол менен Мээримдин жеңишине кошо кубанып... Жоламан Шаршенбеков Олимпиадада медаль ала албай калганы үчүн кыргыз элинен кечирим сурады

"Токио-2020" жайкы Олимпиадасында спорттун грек-рим күрөшү боюнча өлкө намысын талашкан балбаныбыз Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарында ийгиликсиз болуп калганы үчүн Инстаграм баракчасы аркылуу жалпы элден кечирим сурады. Балбаныбыздын көңүл жылыткан бул кайрылуусун Инстаграм колдонуучулары кыргыз балбанын колдогон чакырыктар менен бөлүшүүдө.

"Ассаламу алейкум кыргыз элим. Мени колдогондор болсо, баарыңарга чоң рахмат. Аллах ыраазы болсун. Бирок силердин ишеничиңерди актай алган жокмун. Бул Аллахтын буйругу экен. Ага кантсе да баш иебиз. Балким, бул жолу жеңилүү ызасын тарттырса, мунун артында жакшы нерселер бар деген үмүттөмүн. Баарыңарга чоң рахмат. Мен муну менен эч качан токтоп калбайм. Дагы уланта берем. Буга чейин дагы улантып келгенбиз. Кудайым буюрса, баары алдыда", - деп кайрылган кыргыз балбаны.

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков "Токио-2020" жайкы Олимпиадасындагы алгачкы беттешинде казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен кез келип, атаандашын 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, чейрек финалга чыккан.

Ал эми чейрек финалдык баскычта молдавалык балбан Виктор Чобану менен кез келип, тилекке каршы, 8:0 эсебинде жеңилип, кийинки баскычка өтө албай калган.

Жоламан Шаршенбековдун элден кечирим сураган видеосу
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aizira
2021-08-04 13:18:11
Эч Нерсе эмес. Бирде жигит тоо минет, бирде жигит жоо журот. Олимпиада га барыштын ОЗУ эрдик.
+8
Pankration_MMA
2021-08-04 13:39:15
95 миң сомдук чапаныңды көрсөтчү!
-14
mira28
2021-08-04 15:29:44
Кийинкиде созсуз аласын.Жаман эмес.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан