Коңшу Өзбекстан Токио шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарында медаль уткан спортчуларын сыйлоо аземине кызуу даярданууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, коңшу өлкө Олимпиада чемпиону болгон спортчуларына Chevrolet Tahoe, ал эми коло байгеге ээ болгон спортчуларына Chevrolet Trailblazer унааларын тапшырат. Мындан тышкары президенттин жарлыгына ылайык, Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү жана байге ээси болгон өзбек спортчулары дагы акчалай сыйлыктарга ээ болушат:
Алтын байге - 200 миң АКШ доллары;
Күмүш байге: 100 миң АКШ доллары;
Коло байге: 50 миң АКШ доллары;
Токио Олимпиадасында Өзбекстан үч алтын жана эки коло медаль утуп, медалдык эсепте 297 өлкөнүн ичинен 32-орунду ээледи.