"Сөөгү 10 күндөн кийин табылган". Тоолуу Алтайда инструктор болуп эмгектенген Кыргыз жараны сууга чөгүп каза болду

Тоолуу Алтайда Кыргыз жараны рафтинг учурунда каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 20-июль күнү Катунь дарыясында бара жаткан туристтердин кайыгы оодарылып кеткен. Натыйжада Марсел Сталбеков аттуу инструктор сууга чөгүп каза болгон. Анын сөөгүн тийиштүү органдар 10 күн бою таба алган эмес.

"Туристтер Марсел Сталбековдун денесин таяк менен алып чыгууга аракет кылышкан, бирок таяк сынып, аны суунун агымы агызып кеткен. Бул туурасында маркумдун апасы прокуратурага жазган арызында айтылган. Анын сөөгү 30-июль күнү табылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан