Бүгүн, 7-августта "Манас" эл аралык аэропортуна Токиодон кыргыз спортчуларынын бир бөлүгү учуп келет. Аларды тосуп алууга журналисттер жана атайын дерекциянын өкүлдөрү, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, белгилүү спортчулар, маданияттын мыктылары дагы келишти.
Алардын арасында Олимпиада оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында алгачкы күмүш медалдын ээси Канатбек Бегалиев дагы келди.
Анын айтымында, спортчуларыбыздын көрсөткүчү бул чоң жетишкендик. "Биз биринчи барганда 12-13-орунду алганбыз. Булар күмүш алып жатышат. Кийинки Олимпиадада жок дегенде 2 алтын алабыз, буюрса", - деди Бегалиев.