"Министрликке окуу форматын 25-августка чейин иштеп чыгуу тапшырылды". Республикалык ыкчам штабда кеңешме өттү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Анда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, эмдөө өнөктүгүн, анын ичинде медицина кызматкерлери арасында вакцинациялоонун жүрүшү, ошондой эле жаңы окуу жылына карата даярдыктар талкууланды.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, Жылдыз Бакашова коронавирустук инфекциянын жана жугуштуу пневмониянын күнүмдүк катталган учурларынын саны кыскарып жаткандыгы боюнча оңдуу динамиканы белгиледи жана жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн вакцинациялоо темпин ылдамдатуу зарылдыгын белгиледи. Министрликке жана башка компетенттүү мамлекеттик органдар менен биргеликте 2021-жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө эпидемиологиялык абалга жараша жалпы билим берүү мекемелериндеги окуу форматы боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырылды.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине муздаткыч чынжырын сактоо боюнча белгиленген талаптарды кармануу менен COVID-19га каршы калкты вакцинациялоо темпин тездетүү жана калктын кеңири катмарын камтууну камсыздоосу тапшырылды.

Ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, район акимдерине, шаар башчыларына убактылуу эмдөө пункттарынын кызматкерлерин, ошондой эле "COVID-19га каршы вакцинацияланган жактардын реестри" маалыматтык тутумуна маалыматтарды киргизген кызматкерлерди атайылап бурмалоо жана эмделген жарандар жөнүндө жалган маалымат берүүсү үчүн, ошондой эле "жасалма" эмдөө күбөлүктөрүн берүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги тууралуу эскертүү берүүсү тапшырылды.

Ал эми Кыргыз Республикасы жана Индиянын ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарын калыбына келтирүү маселеси боюнча Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү кайрылуусу каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан