Акыркы сутка аралыгында республика боюнча дагы 602 жарандан коронавирус илдети аныкталды.
Бишкек шаары - 287;
Ош шаары - 6;
Чүй облусу – 68;
Ош облусу - 18;
Талас облусу- 19;
Нарын облусу - 23;
Ысык-Көл облусу – 70;
Жалал-Абад облусу– 78;
Баткен облусу - 33.
Муну менен өлкөдө илдет катталган күндөн бери жалпы 169 миң 17 жаран жабыркады.
Республикалык штабдан кабарлашкандай, бир сутка ичинде 1 миң 478 бейтап илдетти жеңип, үйлөрүнө чыгарылды. Жалпы айыккандардын саны бүгүнкү күндө 156 миң 925ке жетти.