Бир күндө 22 миңге чукул жаран коронавируска каршы эмделди

Соңку 24 саат аралыгында өлкө боюнча 21 миң 746 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Анын ичинен биринчи дозаны 8 миң 476 жаран алса, экинчи доза менен 13 миң 270 адам эмделгенин республикалык штабдан кабарлашат.
Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан республиканын 756 миң 512 жараны коронавируска каршы эмделди. Алардын 555 миң 118и эмдөөнүн биринчи дозасын алышса, калганы толук эмделди.
Өлкөдө коронавируска каршы "Синофарм", "Спутник-V", "Астра Зенека" вакциналары колдонулууда. Калкты массалык эмдөө кампаниясы 11-июлда старт алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан