Европада ак сөөктөр жардамга келишти. Швед ханбийкеси София ооруканада иштей баштады

Швед ханбийкеси София Стокгольмдогу Софиахемет ооруканасында иштей баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, муну менен ханбийке пандемия менен күрөшүүгө өз салымын кошкусу келгенин билдирген.

"Буга чейин ханбийке коллеждеги үч күндүк курстарды өткөн. Аталган курстарды аптасына 80 адам бүтөт. Алар ооруканага медициналык кызматкерлерге жардам берип, аларга келип жаткан күчтү жеңилдетет", - деп жазылат маалыматта.

Ханбийке София ханзада Карл Филипптин жубайы. Ал ханбийке болгуча модель жана реалити-шоунун катышуучусу катары таанылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akmanai
2020-04-17 21:24:09
Адамгерчилиги бийик азамат аял экен!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан