Жаңы дайындалган Бишкектин мэри Айбек Жунушалиевдин өмүр баяны

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев дайындалды.
Өмүр баяны:
Айбек Жунушалиев 1976-жылы Чүй облусунун Кегети айылында жарык дүйнөгө келген.
Билими:
1994-1999-жылдары Кыргыз улуттук университети, юриспруденция
Эмгек жолу:

1997-1999-жылдары Кыргыз улуттук университетинде слесарь-сантехник;

2000-2004-жылдары Кыргыз улуттук университетинде окутуучу;

2000-2006-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын жаштар иштери боюнча комитетинин башчысы, "Чүй облусунун жаштар кеңеши" коомдук бирикмесинин жетекчиси;

2006-жылы Чүй аймактык билим берүү жана жаштар саясаты башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2006-2007-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

2007-2008-жылдары Өкмөттүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат бөлүмүнүн билим берүү, маданият, дин, спорт жана жаштар бөлүмүнүн реферанты;

2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу секторунун башчысы;

2009-2010 - Президенттин администрациясынын уюштуруу жана контролдоо иштери кызматынын өкмөт менен байланыштар боюнча секторунун эксперти;

2010-жылы Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;

2010-2014-жылдары Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси;

2014-2015-жылдары Өкмөттүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

2015-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчысы;

2021-жылы Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары. Май айында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болгон;

2021-жылдын 12-августунда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
raikakyz
2021-08-12 18:36:19
Бишкекти тазалаңыз эми.
-4
Asmat84
2021-08-12 18:45:08
Бул планды давно эле түзгөн экенсиңер да
+7
Dastanali
2021-08-12 19:54:21
Кадр да даяр экен да, ийгилик болсун
-1
bond
2021-08-12 23:43:22
Спектакль.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан