Өтө оор абалда 167. Өлкөдө коронавирустан 2 жарым миңге чукул бейтап дарыланууда

Республиканын 79 стационарында коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүлөт. Аларды дарылоо үчүн 5 миң 237 орун даярдалган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 5 миң 237 орундун ичинде жандандыруу бөлүмүндө жана интенсивдүү терапия палаталарында 483 орун ачылган.

"Медициналык жардам көрсөтүү үчүн 239 мобилдик бригада, 344 "Тез жардам" бригадасы жана 15 миң 606 медицина кызматкери тартылган.

Учурда республиканын ооруканаларында коронавирус инфекциясы менен ооруган 2 миң 455 бейтап дарыланууда, алардын 669у оор, 167си өтө оор абалда.

Оор жана өтө оор абалдагы бейтаптардын ооруканада жаткан күндөрүнүн саны 10 күндөн 65 күнгө чейин түзөт", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан