АКШда коронавирустан көз жумгандардын саны 3 миңден ашты

Өткөн сутка ичинде АКШда коронавирустан 500 адам көз жумду. Каза болгондордун жалпы саны 3 миң 8ге жетти. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы университеттин расмий сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык, өткөн сутка ичинде өлкөдө 20 миң адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган. Ооругандардын жалпы саны 164 миң адамга жеткен. Ошону менен бирге эле 5 миң 800 адам оорудан айыгып чыккан. Эң оор кырдаал Нью-Йоркто орун алган, каза болгондордун үчтөн бир бөлүгү дал ушул шаарда көз жумган.

Азыркы тапта АКШ ооруну жуктуруп алгандардын саны боюнча 1-орунда турат. Экинчи орунда Италия, ал жакта ооруну жуктуруп алгандардын саны 100 миңге жетип, илдеттен көз жумгандардын саны 10 миңден ашкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан