"Өкмөттүн тилин алып, үйдөн чыкпай отуралы десек, жегенге тамак-ашыбыз жок калды" деген жалгыз бой энелер, көп балалуу үй-бүлөлөр коомдо көп болууда. Редакциябызга кайрылгандардын көбү күнүмдүк жумуштарда иштеп акча табарын, запаска тамак-аш алууга мүмкүнчүлүктөрү болбогондорун айтышат. Алардын бири шаар тургуну Зарина айым.
"Эки аптага деп алган тамак-ашым түгөнүп баратат"
"3 балам менен батирде турам, улуусу 12де, ортончусу 9да, кичүүсү 2 жашта. Бишкектеги ишканалардын биринде вахтада иштейм, бир күн иштеп, бир күн эс алам. Жумушубуз азыр убактылуу токтотулду. Айлыгым 5 миң сом, анын жарымына эки аптага жетет деп тамак-аш продуктуларын алгам. Бирок азык-түлүктөр эки аптага жетпей эле түгөнчүдөй. Жарымын насыя төлөйм деп катып койгом.
Күзүндө балдарымдын окуусуна кийим-кече алайын, бөйрөгүмдү дарылатайын деп насыя алгам. Ай сайын 2 миң сомдон төлөп турам. Буга чейин кошумча жумуштарга чыкчумун, кээде жумуштан кеч чыгып калганда баламды улуу кызым алып кетчү. Кийинчерээк бала бакчанын жетекчиси "балаңызды өзүңүз алып кетиңиз, кызыңызга бербейбиз, азыр жол кырсыгы көп катталып жатат" дегенинен күнүмдүк жумуштарга дагы чыкпай калдым.
Коронавирус тууралуу маалыматтарга көп маани бербей жаткам. Кийинчерээк Италиядагы көрүнүштөрдү көрүп корко баштадым. Ал эми коңшу Казакстанда өлүм катталганын укканда балдарымдын амандыгын тилеп, сыртка чыгарбай калдым. Бөлмөбүздү тазалап, терезени ачып, короого дагы чыкпай калдык. Кичинекей балам сыркоолоп да калды.
Карантин узарып кетеби деген коркунуч болуп жатат. Эгер узарып кетсе аз камсыз болгон, айлыкты күтүп жашагандар кантет деп кыжаалат болуп жатам", - дейт каарманыбыз.
Ал эми 7 баланы багып жаткан ата-эне тамак-аштары түгөнгөнүн айтып, "бизге окшогон үй-бүлөлөрдүн маселесин ким чечет?" дейт.
"Жолдошум экөөбүздүн жети балабыз бар. Камдаган тамак-ашыбыз эми эле түгөнүп калды. Акчабызды үнөмдөйлү деп жадакалса медициналык бет кап, антисептик дагы алган эмеспиз. Чөнтөгүбүздөгү акчабыздын баарына азык-түлүк алганбыз. Азыр жолдошум экөөбүз тең отуруп калдык. Бизге окшогон үй-бүлөлөр көп. Бул маселини чечүүнү өкмөт эртерээк ойлонуп, колго алса болот эле", - дейт.
Коронавирус дүйнөнүн 190дон ашуун өлкөсүндө катталып, бир катар мамлекеттерде карантин жарыяланып, өзгөчө абал тартиби дагы киргизилди. Кыргыз өлкөсүндө дагы 25-март саат 8:00дөн тарта 15-апрель саат 8:00гө чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал тартиби кирди. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлгөн.
Саат 07:00дөн саат 20:00гө чейинки убакытта да жарандарга сыртка чыгууга чектөөлөр болот, 3 себеп менен гана сыртка чыгууга уруксат берилген.