Жөлөк пулдун кандай түрлөрү бар? Аны кимдер ала алышат? Адистин жообу

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө жөлөк пул боюнча кайрылган окурмандардын саны арбын. Анда алар балдарына жөлөк пул чыгарууда ар кандай тоскоолдуктарга учурап жаткандыктарын айтышууда.

Бул боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жаныгүл Мелисбек кызына кайрылдык.

Анда ал жөлөк пулдун түрлөрү, алар кимдерге берилери боюнча айтып берди.

Жөлөк пулдун 4 түрү бар. Алар:

1. Балага сүйүнчү төлөмү

Ал 4 миң сом өлчөмүндө. Сүйүнчү пулду алуу үчүн жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө арыз, телефон номерин таштайт. Эки күндүн ичинде жаран көрсөткөн номерге СМС барат. Жөлөк пулдун бул түрүн алуу үчүн бала 6 айга толгонго чейин кайрылуу керек.

2. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу

Бул 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга берилет.

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун дайындоо үчүн факт түрүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек. Муну менен катар катталган жери мааниге ээ эмес.

"Үй-бүлөгө көмөктү" төмөнкү үй-бүлөлөр ала алат:

  • 16 жашка чейинки балдары бар;
  • Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, башкача айтканда, 1000 сомдон төмөн болсо.

"Үй-бүлөгө көмөк" дайындоодо эске алынуучу жагдайлар:

  • айлык акы, стипендия;
  • ишкердик ишинен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде);
  • жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар.

"Үй-бүлөгө көмөк" дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт:

  • пенсиянын бардык түрлөрү;
  • мамлекеттик жөлөк пулдар;
  • сөөк коюу үчүн жөлөк пулдар;
  • кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдар;
  • жумушсуздук боюнча жөлөк пулдар жана башкалар.
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун өлчөмү 810 сомду түзөт. "Үй-бүлөгө көмөк" бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө дайындалат. Бирок бала 16 жашка чыкканга чейин гана", - деди Жаныгүл Мелисбек кызы.

"Үй-бүлөгө көмөк" дайындоо үчүн керектелүүчү документтер:

  • паспорт;
  • балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
  • үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси тууралуу маалымат;
  • банктык маалымдаректер.

Эгерде тиешелүү мамлекеттик органдардын маалымат базасында керектүү маалматтар жок болсо, кошумча төмөнкү документтер талап кылынат:

  • жердин өлчөмүн жана түшүмдүүлүгүн көрсөтүү менен жердин барлыгы тууралуу маалымкат;
  • мал чарбасынын түрү жана саны тууралуу маалымкат;
  • статусту же кирешени тастыктоо зарылдыгына жараша башка документтер.

1-августка карата өлкөдө жалпы 366 миң 942 бала жөлөк пул алат. Алардын ичинен 114 миң 139 үй-бүлөнүн ичинде.

3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга төлөнүүчү социалдык жөлөк пул

18 жашка чейинки балдарга 4 миң өлчөмүндө чектелет.

Мында кичинекей кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин:

  • 1-топтогу майыптарга - 4 миң сом
  • 2-топтогу майыптарга - 3 миң 300 сом
  • 3-топтогу майыптарга - 2 миң 700 сом

Ошондой эле жалпы оорусунун негизинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын:

  • 1 топтогулар - 2 миң сом;
  • 2-топтогулары - 1 500 сом
  • 3-топтогулары - 1 000

4. Ата-энесинин экөө тең жок болгон балдарга берилет.

Анын өлчөмү 2 миң сом.

Өлкөдө акыркы он жыл ичинде жөлөк пул алгандардын саны көбөйгөнү байкалды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2010-жылы жөлөк пул алгандардын саны республика боюнча 429 миң 664тү түзсө, 2020-жылы бул көрсөткүч 435 миң 898ди түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
shankol88
2021-08-17 19:54:25
Жакыыле жашагандар алып жатышат 10миң долларлык аты барлар....
+3
Taalaibek.
2021-08-17 20:37:36
Ушундай жолок пул менен байлар жашай алабы? Жээ ушул жолок пул карапайым элге жетеби?
+2
Napaleon
2021-08-17 21:04:46
Бизде жолок пулду байлар тааныш билиштер туугандары алат. Мен барсам машинан бар экен сага болбойт деген.
+3
alaialaibekov
2021-08-17 21:15:20
Холодильник,телевизор да болбош керек .Анан ар айда 5эле адамдын документин алабыз дегени кандай?Окмотко барсан 5эле келин документ тапшырыш керек деп справка бербейт
+2
jaz99
2021-08-17 22:10:46
Мага окшоп башка келиндер ушул жерге жаза алышпайт кимге кайрылышаарын билишпей эл арасында арбын пасобиясын жеткизе алышпайт же документ кабыл алган кенеш айыл окмотун карагандар откозуп бербейт сраз акча сурашат акчан жок болсо документ да отпойт созсуз созсуз 1айын 3 мин беришин керек
+3
jaz99
2021-08-17 22:11:14
Ичим ачышытат эмнеге ушундайлар каралбайт айткылачы
+3
JaneEr
2021-08-17 23:52:21
Мен ар жерге барып чыгарта албадымго(((.
+2
muslima-0788
2021-08-18 08:20:42
Бул закон кандай закон болду?Азыр холодильниги,телевизору жок адам калдыбы?Айлык акы 1000 сомго жетпеген болуш керек дейби?Андай айлык жок эч кимде.Жолок пулду алып атат элдер,телевизору жокторбу ошолор а?Бомждар алат экен анда.Кызык эле закон чыгарасынар да.Жашоо кыйын болуп калганын билип эле атасынар го закон жазгандар.Жейбергилечи креслочулар ойдодо отуруп алып,синеберет силерге окшогонго.
+2
Margana93
2021-08-18 08:59:09
Бир жыл эмес 6 ай сайын жаныртып тургула деп жаныртабызго
+1
Margana93
2021-08-18 08:59:36
Менин жолдошум москвага кетти Эми чыгарбайбыз деп атышат
+1
jaz99
2021-08-18 09:37:50
Ушул жолок пулдун башчысына кайрылып жооп алып бериниздерчи качан кобойот президент жаны шайланганда мин болду дештиле ар бир балага качан эски иштегендер жаныланат жоо кутобуз
+1
Dalil
2021-08-18 12:50:29
Ошондо Кыргызстанда 1000 сомго 1 ай жашаса болот деп тыянак чыгарып жатышат да булар. Ал учун айылда эле эч ким менен мамиле кылбай кошумча дыйканчылык кылып эч жака чыкпай жашасан гана жетпесе башка убакта жетпейт. Мамлекетэлди которбой эле кайра ачарчылыкка туртот. Айлыка ишке кирсен айлыгын жетеби жетпейби кызыктырбайт, салык сенден уруксатсыз эле басып калат.Ушул мамлекеттин жолок пулун алганга мажбур кылбасын жараткан.
+2
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2021-08-18 12:57:33
Саламатсыздарбы. Балага суйунчу пулду каяктан, кантип алабыз. Мен баламды жаңы төрөгөндө эле ажырашып кетип сүйүнчү пулду ойлогонго да чамам келген эмес. Азыр ушул жактан окудум 6 жашка чейин алса болот деп, балам 4 жаштан өтүп калды
0
jaz99
2021-08-18 13:12:29
6айга чейин суйунчу пул алсаболот деп уккам рай закстан аласынар
0
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2021-08-18 16:22:13
jaz99,6 жаш деп анда ката жазып алыштыбы
+1
balzak
2021-08-19 11:45:50
бул жерде мыйзамдын (документтин) тили менен эле жалпалп жазып коюптурсунар. Карапайым элдин көйгөйлүү маселеси болгондуктан-жөнөкөйлөтүп кара сөз менен түшүнүктүү кылып жазып, анан мүмкүнчүлүк болушунча бул маселе муктаждарга жардамы тийгендей кылып иштебейлиби, кандай дейсинер СИ?!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан