ЭЛДИК КАБАР: "Ден соолугумдун мүмкүнчүлүгү чектелген болсо да 5 балама жөлөк пул албай келем" дейт Токтогулдун тургуну

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө жөлөк пул боюнча кайрылган окурмандардын саны арбын. Алардын бири Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну. Ал 7 баласы бар экенин, алардын ичинен бешөөнө жөлөк пул чыгара албай жатканын айтты.

"Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында да жөлөк пул алуу курч маселе. Себеби менин 7 балам бар, анын бешөөнө жөлөк пул алыш тозок. 6 ай документ даярдап да алган жокпуз. Каза болгон атаңдын кара кагазы жана башка деп жатып дагы деле жөлөк пулдан дайын жок.

Айылда отуз-кырк ую бар, катар тамдары барлар жөлөк пул, пенсия алышат. Мен ден соолугумдун мүмкүнчүлүгү чектелген болсом да пенсия, жөлөк пул албайм же иштебейм", - деп билдирди жергиликтүү тургун.

Буга чейин Ош облусунун Ноокат районунун тургуну кайрылып, коррупциянын айынан жөлөк пул чыгаруу кыйынчылык туудурганын айткан.


Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Erlan_95
2021-08-17 13:59:04
Зачем тогда рожать
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан