SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Ноокат районунун тургуну кайрылды. Анда ал коррупциянын айынан жөлөк пул чыгаруу кыйынчылык туудурганын айтты.
"Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Насирдин Исанов айыл өкмөтүндө жөлөк пул алуу өтө кыйынчылыкты жаратууда. Себеби Н.Исанов айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылында бир аял бар, документтер сөзсүз ошол аялдын колунан өтүп, андан кийин жиберилет.
Акча берсең жөлөк пул чыгат, пара бербесең жок. Канткенде ушундай "эчки эмерлерден", коррупционерлерден кутулабыз? Менин 3 балам бар, бир тыйын да жөлөк пул ала элекмин", - деп кайрылган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.