Ысык-Көл облусунда 19-20-август күндөрү унаа жолдор убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү Чолпон-Атада ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин министрлер кабинетинин башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.
"Бул мезгилде коопсуздукту камсыздоо максатында Тамчы айылынан Бостериге чейинки тилкеде, ошондой эле Чолпон-Ата шаары боюнча кыска мөөнөттүү жолдор жабык болот. Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу кызматкерлер жарандарды жана конокторду түшүнүү менен мамиле кылууну суранат", - деп жазылат маалыматта.